Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда Айт намаз окууга уруксат берилди

Жалал-Абад облустук штабдын отурумунда Орозо айт намазы мечиттерде окула турганы айтылып, район-шаар башчылары жана тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков пандемиялык шартка ылайык, 13-май күнү өтүүчү Орозо Айт намазын мечиттерде гана окулуусун көзөмөлдөө керектигин айткан.

Намазга келгендер аралыкты сактап, санитардык талаптар сакталып жана коомдук коопсуздук күчөтүлөт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облулусунда жалпы 690 мечит бар, анын 270инде жума намаз окулат.

 

Exit mobile version