Жалал-Абадда аттестациядан 5 жеткечи өтпөй калды

Жалал-Абадда аттестациядан 5 жеткечи өтпөй калды

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18 кандидаттын экөөсү аттестациянын биринчи баскычы болгон комьютердин тестирлөөдө 50 пайыздан аз босого алгандыгына байланыштуу кийинки этапка — маектешүүгө кирбей калышты.

Аттестациянын жыйынтыктоочу баскычы болгон маектешүүнүн натыйжасында комиссия чечими менен 3 адам өз кызматына ылайык келет жана жогорулоого мүмкүнчүлүгү бар деген баа алышкан.

Ал эми 10 адам ээлеген кызматына ылайык келсе, 5 чиновник ээлеген кызматына ылайык эмес деп табылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>