Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда батирден 40 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Жалал-Абад шаарында батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 9-декабрда ӨКМнын куткаруучулары көп кабаттуу үйлөрдүн биринде батирдин эшигин ачып беришкен. Эшикти ачышканда, батирдин ичинен 40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version