Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда бир жумада 31 мас айдоочу кармалды

Ìîëîäîé ÷åëîâåê ñ áóòûëêîé ïèâà çà ðóëåì àâòîìîáèëÿ

Жалал-Абадда бир аптада 31 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын облустук бөлүмүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык,  Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан, облус аймагында 12-декабрдан 19-декабрга чейин жалпы 1200 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды.

Анын ичинен 31 айдоочу автоунааларын мас абалында, 461 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 16 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алган.

Ошондой эле жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 692 айдоочуга протоколдор түзүлгөн.

Бир жумада жалпы 92 автоунаа атайын айып короого токтотулган.

Exit mobile version