Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда «Бизнес кербенге» ишкерлер чогулат

Жалал-Абад шаарында 6-октябрь күнү ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин көмөгү менен ишкердикти колдоо борбору уюштурган «Бизнес кербен» иш-чарасы өтөт.

Платформа Ош, Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад облустарынын ишкерлеринин туруктуу өнөктөштүгүн камсыз кылуу максатында өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда диалог түзүү үчүн уюштурулууда.

Кошумчалай кетсек, иш-чарага «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров катышат. Ал ишкерлерге фонддун ишмердүүлүгү, ошондой эле бизнес кепилдиктердин жардамы менен насыяны кантип алса болорун айтып берет.

Exit mobile version