Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан Айбийке табылды

Жалал-Абад шаарында 26-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Айбийке аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 14 жаштагы Айбийке 26-февралда саат 12:10 чамасында мектептен окуудан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Ага байланыштуу 29-февралда облустук милициянын басма сөз кызматы коомчулуктан Айбийкени табууга жардам сураган.

“Маалымат ЖМК жана социалдык тармактарга жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандардан Айбийке тууралуу маалыматтар милицияга келип түшкөн. Бүгүн 1-мартта Айбийке Таш-Көмүр шаарынан табылып, милиция кызматкерлери аны Жалал-Абад шаарына алып келе жатышат. Кайдыгер карабай маалымат бөлүшкөн жарандарга ыраазычылык билдиребиз”, — деп айиылат маалыматта.

Exit mobile version