Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда ИИМдин кызматкери өзүн-өзү атып алды

Бүгүн, 15-майда Жалал-Абад облусунда ИИМдин күзөт кызматынан кызматкери өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, окуя Ноокен районунда болжол менен саат 11:30да болгон. Маркум күзөт кызматкери катары инкассация унаасын коштоп жүргөн.

«Ал инкассация унаасынын ичинде Калашников автоматы менен өзүн-өзү атып алган», — деп билдиришти министрликтен.

Учурда күзөт кызматкеринин өлүмү боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Азырынча ал эмне себептен өзүн-өзү атып алганы белгисиз.

Маркум кызматкер Р.А. 24 жашта болгон. ИИМдин Ноокен райондук күзөт кызмат бөлүмүндө 2020-жылдан бери иштеп келе жаткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version