Жалал-Абадда ишкерден опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абадда ишкерден опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абадда ишкерден опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-июнда Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы ишкердин ишканасына белгисиз адамдар барып, завод иштеткени үчүн аларга акча төлөп туруусу керектигин айтышкан. Миң доллар төлөшү керектигин билдирип болбосо, ишканасынын талкалап кетишерин айтышкан.

Ишкер арыз менен кайрылып, кылмышкерлерди милиция кызматкерлери  акча алып жаткан убакта кармашкан. Аларды тинткен учурда жанынан ири суммадагы акча жана наркотик табылган.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, окуя боюнча иликтөө иштери башталган.

[su_image_carousel source=»media: 32097,32096,32095″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>