Жалал-Абад шаарында изделип жаткан наристенин сөөгү 28-сентябрда жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Издөө иштерине 11 куткаруучу, 80 жергиликтүү тургун, 40 милиция кызматкерлери тартылган.
Белгилей кетсек, Б.Т. аттуу 3 жашар наристе 26-сентябрда жоголгону тууралуу маалымат түшүп, изделип жаткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз