Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда изделип жаткан 6 жашар баланын жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Айгыр-Жол айылында сууга чөгүп кеткен 6 жашар баланын жансыз денеси табылды.

Маалыматка ылайык, Чаткал дарыясына 2015-жылы туулган Ж.А. аттуу кичинекей бала түшүп кеткен.

Жерине 12 куткаруучу, 10 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, 8-майда саат 16:45те маркумдун жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.

Exit mobile version