Жалал-Абадда күрөш боюнча Азия чемпионун атып кетишти

Жалал-Абадда күрөш боюнча Азия чемпионун атып кетишти

Жалал-Абад шаарынын  43 жаштагы тургунун белгисиз эки киши атып кетти. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Шеркул Турганбаев “Репортерго” билдирди.

Анын айтымында, окуя 26-май күнү болжол менен 22:00 чамаларда Жалал-Абаддагы Манас проспектисинде болгон.

Такталгандай, жабырлануучуну өзүнө бейтааныш азиат улутундагы 20-25 жаштардагы 2 бала белгисиз ок атуучу курал менен аны көздөй 3-4 жолу атып жиберип, окуя болгон жерден издерин жашырып белгисиз тарапка качып кетишкен.

Окуя болгон жерден маркасы белгисиз травматикалык ок атуучу куралдан атылган резина октор табылган жана күбөлөр суралып, тиешелүү материалдар чогултулган.

Топтолгон материалдар Жазык-Кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда аталган кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө тапшырмасы берилип, ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

«Азаттык» радиосу октон жаракат алган адам алыш күрөшү боюнча Азия чемпиону Сапар Аканов экенин, ал  Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун бир тууган агасы болорун жазып чыкты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>