Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда кар көчкү түшкөн аймакта эки адам изделүүдө

Жалал-Абадда кар көчкү түшкөн аймакта эки жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-февраль күнү болжол менен саат 01:30дар чамасында «Mercedes-Benz» спринтер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жана 1 жүргүнчүсү Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автоунаа жолунун 80-90- чакырымында кар көчкү түшүп, өтө албай калгандыгы маалымдалган.

Жерине Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары жана райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Жол тейлөө ишканасынан 1 авто жүктөгүч тартылып, кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан жумуш убактылуу токтотулган.

Саат 17:30дан баштап аталган айдоочу менен байланыш жок болгондугуна байланыштуу бүгүн, 17-февраль күнү Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 кызматкери атайын ыкчам автоунаасы менен саат 13:15де жолго чыгып, Ала-Бука —Каныш-Кыя —Кировка унаа жолунун 90-чакырымына чейин жетишип, андан ары жол жок болгондугуна байланыштуу 5 куткаруучу издөө иштерин улантуу үчүн жөө жөнөп кетишти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version