Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда катуу сабалган 2 жаштагы бала чарчап калды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катуу сабалган 2 жаштагы бала чарчап калды. Бул тууралуу облусттук милициядан кабарлашканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

ОИББнен билдиргендей, баланын апасы өткөн жылы каза болуп калган. Ал эми атасы Орусияда.

«27-январда саат 13:30дар чамасында Октябрь айылдык ооруканасына 2017-жылы туулган А.Б. аттуу баланын жансыз денеси түшкөн. Денесинде бир нече көгала тактар жана тытыктар болгон.

Бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү рейстрине катталып, кылмыш иши козголду. Тергөө органдары тарабынан баланы карап жүргөн жеңеси суракка алынган. Анын дагы үч жаш баласы болгондуктан, азырынча бөгөт чарасы тандала элек», — деп жазылат маалыматта.

Exit mobile version