Жалал-Абад шаарында коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында коомдук транспорттор дезинфекцияланууда.
Шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, дезинфекциялоо санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери тарабынан жүргүзүлгөн.
Мындан сырткары калаадагы азык-түлүк саткан базарлардын, тамактануучу ашканалардын санитардык-гигиеналык жана техникалык абалына жеринде мониторинг жүргүзүлгөн.
Ошондой эле базарлардагы сатуучуларга жана ашкана кызматкерлерине санитардык тазалыктын абалына кылдат көңүл буруу керектиги айтылды.