Жалал-Абадда коопсуз аймакта жашагандар көчүрүлдү – сүрөт

Жалал-Абадда коопсуз аймакта жашагандар көчүрүлдү – сүрөт

Жалал-Абадда коопсуз аймакта жашагандар көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  Сузак районуна караштуу Кыз-Көл айыл аймагынын Бай-Маала чегинде жер көчкү жүрүү коркунучу бар экендиги аныкталган.

Буга байланыштуу ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти 14 үй кооптуу аймакта деп аныктама чыгарган.

Ага байланыштуу  тургундарды көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин  ӨКМнын  Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жана жергиликтуу бийлик өкүлдөрү жүргүзүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>