Жалал-Абадда кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн өспүрүмдөр асынып алды

Жалал-Абадда кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн өспүрүмдөр асынып алды

Жалал-Абад облусунда кыз жигит болуп сүйлөшүп жүргөн эки окуучу асынып алды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, алардын бири 15 жаштагы Аксы районун тургуну, окуучу бала болгон. Ал 9-октябрь күнү болжол менен саат 21:40 чамасында өзүнүн үйүндөгү мал сарайда асынып алган. Тергөөнүн баштапкы маалыматына караганда,  мугалим мектепте телефон колдонгону үчүн урушканда  үйүнө барып асынып алган.

Экинчи окуя 11-октябь күнү саат 19:30 чамасында Таш-Көмүр шаарында катталган. Шаардык миилциянын маалыматына карганда 15 жаштагы окуучу кыз мал сарайга барып асынып алган. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө, тобу каза болгон кыздын жанынан кат табышкан. Анда: «Апа кечириңиз, мен баланын артынан кеттим» деп жазылган. Териштирүүдөн киийн каза болгон өспүрүмдөр кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндүгү аныкталган.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.  Бирок маркумдардын жакындарынын арыз доосу жок болгондуктан сотко чейинки өндүрүштүк иштер токтотулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>