Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда мечиттерде жума намазын убактылуу окуганга тыюу салынды

Жалал-Абад шаарындагы мечиттерде жума намазын окуганга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, коронавирус жуктуруп алгандар шаарда көп катталып, кырдаал курчуп жатат. Ага ылайык шаардык штаб массалык топтолууга бөгөт коюуда.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда акыркы суткада илдет 86 адамдан аныкталды. Буга чейин жалпы 5 миң 436 адамга жуккан.
Exit mobile version