Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда мектептер 1 күнгө иштебейт

Жалал-Абад шаарындагы айрым мектептер бир күнгө иштебейт. Бул тууралуу аталган калаанын мэриясынан билдиришти.

Мааалыматка ылайык, шаардагы №3, 4, 5, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 16, 17, 19, 21чи мектептер 12-апрель күнү иштебейт. Мектептер шайлоо участкасы катары пайдаланылгандыктан дүйшөмбү күнү дезинфекция иштери жүрөт. Ал эми шейшемби күнү кайрадан мектептерде билим берүү улантылат.

Калган билим берүү мекемелери үзгүлтүксүз иштерин улантат.

Exit mobile version