Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда милиция кызматкери пара менен кармалды – сүрөт   

Сузак районунун ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкери 30 000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Такталгандай, кармалган адам жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн арыз ээсинен 1000 доллар пара  талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 326-беренеси (“Пара талап кылуу”) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

[su_image_carousel source=»media: 47716,47717″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version