Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда мотоцикл коюп кеткен аялдардын бири каза болду

Жалал-Абадда мотоцикл коюп кеткен аялдардын бири каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге  аймактык жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Кырсыкта 4 киши жабыркаган. Үчөө ооруканада дарыланууда.

Жол кайгуул кызматынын маалыматында, кырсык 20-май күнү саат 20:20 чамасында Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектинде болгон. Анда “Ямаха” мотоцикли менен “Дэу Нексия” унаасы кырсыкка учураган. Мотоцикл сүрүлүп барып, жол жээгиндеги адамдарды коюп кеткен. Айдоочу жабыркаган эмес.

Жалал-Абад шаарында мотоциклдин айдоочусу 2 аялды сүзүп кетти (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version