Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында мыйзамсыз май куюучу жай жана турак үйдүн короосундагы кампа табылды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Аталган жайларда тийиштүү уруксат документтери жок 5 миң 872 литр күйүүчү май сакталган. Мындан сырткары күйүүчү майларды сактоо эрежелери сакталган эмес.
Учурда бул иш боюнча материалдар чогултулуп, укук коргоо органдарына жана сотко өткөрүп берүү үчүн даярдалып жатат.