Жалал-Абадда очогунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абадда очогунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда 29-мартта саат 10:51 чамасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Беш-Бадам, Кызыл-Гава айылдарында 5 балл, Базар-Коргон, Масы, Үч-Булак, Кызыл-Октябрь айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>