Жалал-Абадда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абадда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-май күнү саат 22:16да Өзбекстан аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баймак, Ызар, Достук, Ак-Коргон айылдарында 4 балл, Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында 3 балл, Чаткал районунун Сумсар айылында 4 балл, Терек-Сай, Кызыл-Токой айылдарында 3 балл, Аксы районунун Кербен шаарында жана Мундуз, Сары-Кашка, Жаңы-Айыл, Ак-Таш айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>