Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда окуучулар айдоочуларга кат жазып, жол эрежесин сактоого чакырышты

Бүгүн 11-сентябрда Жалал-Абад шаарында башталгыч класстардын окуучулары айдоочуларга кат жазышып, жол эрежесин  сактоого чакырышты. Бул тууралуу облустук Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ага инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында мектеп окуучуларынын каттарын «Жол кыймылынын жаш инспектолору » айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө  окуп берип, унаалардын терезелерине жол эрежелерин сактоого үндөгөн баракчаларды чапташкан.

Аталган иш чара Жалал-Абад шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулган «Айдоочуларга кат» аттуу акциясынын алкагында болуп өттү.

 

Exit mobile version