Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда Орозого карата эт арзан сатылууда

Жалал-Абад шаарынын муниципалдык базарында уй этинин килограммы 400 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Орозого карата Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык базарда уй этинин баасы төмөндөгөн.

“Аталган базардагы эт саткан соодагерлер арзандатуу Орозо айы бүткөнгө чейин улантылаарын билдиришти”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, муниципалдык базарда азык-түлүктөрдү, керектелүүчү тиричилик буюмдарды да арзан баада сатуу уланып жатат. Атап айтканда өсүмдүк майынын 5 литри 530 сом, кумшекер 75 сом, картошка 33 сом, сабиз 30 сом, пияз 45 сомдон сатылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version