Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда оюн аянтчасында аял 12 жашар баланы сабап салды

Жалал-Абадда балдар аянтчасында аял 12 жашар баланы сабап салды. Анын видеосу интернетке жарыяланды.

Шаардык милициянын маалыматында, окуя 17-август күнү болгон. Уулуна болушкан аял бөтөн балага кол көтөрүп, күбөлөр аны араң токтоткон.

Өспүрүмдүн денеси көгөрүп, мээси чайкалып, ооруканага кайрылган.

Жабыркаган баланын апасы милицияга арыз жазды. Тергөө башталып, соттук-мелициналык экспертиза дайындалды.

Exit mobile version