Жалал-Абадда көчө шыпырган аял сабалды

Жалал-Абадда көчө шыпырган аял сабалды

Жалал-Абадда “Тазалыктын” кызматкерин белгисиз адамсабады. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 24-декабрда  Жалал-Абад шаарынын “Тазалык” ишканасынын кызматкери Маргуба Хакимова эртең менен белгисиз адам тарабынан сабалган. Таш менен ур-соккуга алган эркек киши милиция кызматкерлери келгенге чейин качып кеткен. Хакимованын чогуу иштеген кесиптештери милиция чакырып, укук коргоочулар жабырлануучудан көрсөтмө алып ооруканага жиберишкен.

Учурда жабырлануучу облустук ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын айтымында башынан жаракат алып, кан басымы көтөрүлгөн. Ал эми бети канжалап, оор соккудан улам көзү ачылбай жатат.

Маргуба Хакимованын айтымында ал ооруканада жаткан учурда ага белгисиз номерден тергөөчүмүн деп телефон чалган. Өзүн укук коргоо кызматкери деп тааныштырган жаран жабырлануучуну “тааныбаган адамдын үстүнөн эмнеге кайрыласыз, аны биз кайдан табабыз” – деп айыптап телефонду өчүргөн. 

“Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы жогорудагы окуянын чын-төгүнүн тактап, өзүн тергөөчүмүн деп чалган адамды аныктап, анын аракетине баа берилиши керек деп эсептейбиз. Ал эми тазалык кызматкерин сабаган жаран да жакынкы күндөрдө табылып, мыйзам чегинде жазага тартылышын күтөбүз”, — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>