Жалал-Абадда шайлоого карата мергенчилердин куралдары текшерилүүдө

Жалал-Абадда шайлоого карата мергенчилердин куралдары текшерилүүдө

Жалал-Абад облусунда мергенчилердин куралдары текшерилүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык,  2021-жылдын 10-январында өтүүчү Президенттик шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында облустук милиция профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.

Анын алкагында Сузак жана Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмдөрү тарабынан мергенчилердин жана куралы бар каттоодо турган атуулдар текшерүүгө алынууда.

Укук коргоо органдары курал-жарактардын сакталуу жайларын, алардын тиешелүү документтерин текшеришүүдө.

Ошондой эле эл арасында мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми Чаткал РИИБи тарабынан шайлоого байланыштуу добуш берүү тилкелериндеги коопсуздук эрежелери текшерилди. Район аймагындагы Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар жана Айгыржал участкаларынын коопсуздугу көзөмөлгө алынып, шайлоо участогундагы кызматкерлер менен маектешүүлөр орун алды.

Анда добуш берүү учурундагы тынчтыкты сактоо жана ар кандай провакациялык чакырыктарды алдын алуу маселеси талкууланды.

[su_image_carousel source=»media: 52395,52396,52397,52398″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>