Жалал-Абадда шайлоого карата түшүндүрүү иштери жүрүүдө — сүрөт

Жалал-Абадда шайлоого карата түшүндүрүү иштери жүрүүдө — сүрөт

Жалал-Абадда шайлоого карата түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдиди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда милициянын көчмө кабылдамасы менен жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Анда социалдык тармактарга таратылган жалган маалыматтарга ишенбөө керектиги, шайлоо учурунда жана ага чейин чагымчыл күчтөр тарабынан жасалган туура эмес аракеттерге күбө болсо милицияга билдирүү зарылдыгы эскертилүүдө.

Былтыр милициянын көчмө кабылдама унаасы Жалал-Абад шаарынын аймагында 238 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 394 атуулдан ар түрдүү мазмундагы арыз-даттанууларды кабыл алган. Ал эми Сузак РИИБинин көчмө кабылдама унаасы өткөн жылда 158 жолу аймактарга чыгып, 389 кайрылуу кабыл алган.

[su_image_carousel source=»media: 53481,53482,53483,53484,53485″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>