Жалал-Абадда сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштери жүрүүдө

Жалал-Абадда сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасындагы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында милиция тарабынан профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак, Базар-Коргон жана Токтогул РИИБдеринин кызматкерлери жакынкы көлмөлөрдүн, шар аккан суулардын бойлоруна эскертүү тактайчаларын орнотушууда.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жаш балдарды ар дайым көзөмөлгө алуу зарылдыгын эскертишкен. Милиция кызматкерлери нөшөрлүү жаан жааган учурларда жаратылыш кырсыктарынан сак болууга, ички жана сел арыктарын тазалап турууга чакырышкан.

Ошондой эле канал бойлоп мектепке барган окуучуларга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу бойлорунда түртүшүп ойнобоо зарылдыгы эскертилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>