Жалал-Абадда түнкү клубда чыккан мушташтан бир адам каза болду

Жалал-Абадда түнкү клубда чыккан мушташтан бир адам каза болду

Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде болгон мушташтан бир адам каза болду. Облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя 9-мартта түнкү саат экилер чамасында болгон.

«Киңгс» түнкү клубуна эс алганы келгендер пикир келишпестиктен улам сыртка чыгып мушташа кетишкен. Анын кесепетинен 29 жаштагы Сузак районунун тургуну ооруканага түшүп, алган жараатынан улам каза болгон.

Бул факты «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ал эми кылмышка шектүүгө издөө жарыяланган.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында Жалал-Абад шаарындагы «Дина» клубундагы мушташтан жаракат алган жигит төрт күндөн кийин каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>