Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда тазалык кызматкерлери иш таштады

Жалал-Абад шаарында «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин жарымынан көбү иш таштады. Мындан улам калган жумушчулар көчөлөрдү тазалоого жетишпей, шаарда таштанды көбөйдү. Бул тууралуу “Акчабарга” “Жалал-Абад-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Айбек Жолдошев билдирди.

Маалым болгондой, мекемеде жалпы 31 кызматкер иштейт. Анын 17си 1-сентябрдан бери жумушка чыкпай жатат. Мунун себебин сезондук иштер башталгандыгы менен түшүндүрүшкөн. Маселен алар жаңгак, мисте терүү менен же шалыда иштеп, убактылуу киреше табууну көздөшүүдө.

“Жалал-Абад-Тазалык” муниципалдык мекемесиндеги кызматкерлер айына 12 миң сом айлык алат. Ал эми шаардан күнүнө 40 рейс таштанды чыгарылат.

Exit mobile version