Жалал-Абадда тергөө абагында жаткан мурдагы милиция кызматкери асынып алды

Жалал-Абадда тергөө абагында жаткан мурдагы милиция кызматкери асынып алды

Жалал-Абад шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында 2 жылдан бери кармалып турган 43 жаштагы шектүү асынып алды. Бул маалыматты Reporter.kg`ге Жалал-Абад облустук милицянын басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев тастыктады.

Анын айтымында, окуя 14-январь күнү саат 08:30да болгон. Ал убактылуу кармоочу жайдын камерасында жалгыз кармалып турган.

Маркумдун денесине кароо жүргүзүлгөн учурда кара түстүү жипке окшош нерсеге асынып алгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал “Өзүн өзү асып өлтүрүү”беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Экспертиза учурунда анын денесинде башка эч кандай жарааттар болбогондугу белгилүү болгон. 

Учурда тергөө иштери менен катар кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Маркум 2002-2006-жылдары ички иштер органдарында иштеген. Ал 2018-жылдын 21-апрелинде камакка алынып, «Документтерди мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү мыйзамсыз даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу», «Ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү», «Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизаттарын мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу же жөнөтүү», «Каракчылык» беренелери боюнча айыпталып келген.

Райондук сот аны 7 жылга ажыратып, үй-мүлкүн мамлекеттин карамагына чегерген. Азыркы күндө аппеляциялык даттануу Жалал-Абад областтык соту тарабынан каралып жаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>