Жалал-Абадда тилемчилерге рейд өттү- сүрөт

Жалал-Абадда тилемчилерге рейд өттү- сүрөт

Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы коронавирус илдетинин жайылышынын алдын алуу багытында коомдук жайларда тилемчилик кылган адамдарга карата рейд өткөрдү.  Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Рейддин жүрүшүндө 12 жаран балдары менен Жалал-Абад шаарына сырттан келип, тилемчилик кылаары аныкталган. Алардын аты-жөнү такталып, жашаган жерлери текшерилген. Анда алар убактылуу жашап жаткан батирлери тиешелүү санитардык талаптарга жооп бербей турганы аныкталган. Буга байланыштуу үйлөрүн ижарага берген адамдарга айып салынган.

Ал эми тилемчилер өздөрү жашаган аймакка жөнөтүлгөн. Алар Ош облусунун Кара-Суу районуна тиешелүү кызматтардын коштоосунда, санитардык нормаларды жана жеке гигиеналык эрежелерди сактоо менен жеткирилген.

[su_image_carousel source=»media: 32745,32744,32743,32742,32741″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>