Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыгып, ал коңшу үйлөргө жайылган

Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыгып, ал коңшу үйлөргө жайылган

9 август күнү Жалал-Абад шаарында турак үй өрттөнүп, кошуна жайгашкан үйлөргө дагы жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Торговый көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен №19 үйдүн 105 чарчы метр чатыры, 3 терезе, 3 эшик, жайкы ашканасынын 16 чарчы метр чатыры жана 9 чарчы метр полу күйгөн.

Ошондой эле анын жанында жайгашкан № 21 үйдүн 80 чарчы метр чатыры күйүп, өрт Озерный көчөсүндө жайгашкан №8 үйгө өтүп, 100 чарчы метр чатыры күйгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>