Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда турак жай өрттөнүп 4 адам каза болду

Жалал-Абад шаарында турак жай өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-апрелде саат 08:30дар чамасында Жалал-Абад шаарындагы Курманбек шаарчасынын Кара-Басан көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 08:31де Жалал-Абад шаардык өрт куткаруу бөлүгүнөн жалпы 4 бөлүм тартылган. Өрттүн кесепетинен 4 адам каза болгон (аты-жөндөрү такталууда).

 

 

 

Exit mobile version