Жалал-Абадда унаасын жасалма номер менен айдап жүргөн айдоочу кармалды

Жалал-Абадда унаасын жасалма номер менен айдап жүргөн айдоочу кармалды

Жалал-Абадда жол тандабас унааны жасалма номер менен айдап жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 17-мартта Сузак районунда кенже инспектор Б. Абдыкадыров тарабынан «Лексус — 570» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүүдө анын мамлекеттик белгиси жасалма экендиги белгилүү болгон.

Ал эми унаанын өзүнүн мамлекеттик белгилери ичинен табылган.

Аталган факты боюнча тийиштүү материалдар топтолуп,  унаа атайын айып короого токтотулган. Ал эми 26 жаштагы айдоочусу тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>