Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда Юстиция министрлигинин имараты салынат

Жалал-Абад шаарында Юстиция министрлигинин административдик имараты салынат. Курулуш иштерин жүргүзгөн компанияны аныктоо үчүн тендер жарыяланды.

Имаратты салууга 64 млн 953,1 миң сом каралган. Тендер боюнча арыздар 10-июлга чейин кабыл алынат.

Сынакты уткан компания келишим түзүлгөндөн кийин курулуш иштерин 9 ай ичинде бүткөрүшү керек.

Жалал-Абадда 900 млн сомго эки имарат жана борбордук аянт салынат

Exit mobile version