Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда жаңы унаа базарын ачуу менен жол тыгыны жоюлду

Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык унаа базар ишке кирди. Бул тууралуу аталган калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурунку жеке менчик унаа базары жабылган соң Абдырахманов, Курманбек, Байзаков көчөлөрүндөгү жол тыгыны жоюлган.

“Жалал-Абад шаарында муниципалдык унаа базары ишин баштады. Бүгүн, бейшемби күндөн тартып унаа соодасы жаңы базарда жүрүүдө. Спутник кичи шаарчасындагы Манас көчөсүнөн орун алган базарга унаалар толду. Бүгүн кирген унаалар үчүн акы алынган жок. Базар 3,5 гектардан ашык аянтты ээлейт”, — деп айтылат маалыматта.

Унаа базарда азырынча толук шарт түзүлүп бүтө элек. Алдыда электрондук система менен төлөм жүргүзүүгө ыңгайлаштырылат. Асфальт төшөө өндүү иштер да алдыңкы убакыттарда ишке ашары айтылат.

Exit mobile version