Жалал-Абадда майрам күнү миңден ашуун милиция коопсуздукту карайт

Жалал-Абадда майрам күнү миңден ашуун милиция коопсуздукту карайт

Жалал-Абадда жаңы жылда миңден ашуун милиция коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн 29-декабрда Жалал-Абад шаарындагы борбордук аянтта гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Анын алкагында ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат ѳтѳгѳндөр,  эл аралык жана республикалык деңгээлдеги спорттук мелдештерде ийгиликке жеткендер сыйланды.

Салтанаттуу жүрүштүн алдында облустук милициянын жетекчиси Нурбек Сыдыков ѳздүк курамды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, майрам күндөрү белгиленген графиктин алкагында ар бир кызматкерди ишенимдүү кызмат өтөөгө чакырды.

Кийин өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев чыгып куттуктоо сѳзүн сүйлѳдү.

Жаңы жылдык майрам учурунда облус аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жалпы миңден ашуун милиция кызматкери кызмат ѳтѳйт.

[su_image_carousel source=»media: 52991,52992,52993,52994,52995,52996,52997,52998,52999,53000,53001″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>