Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда жаңы аэропорт курулат

Жалал-Абад облусунда жаңы аэропорт курулат.

«Кыргызстандын аэропорттору» ААКсынын маалыматы боюнча, заманбап эки кабаттуу терминал саатына 350 жүргүнчүнү өткөрүүгө жөндөмдүү болот жана аянты 10 миң чарчы метрди түзөт. Аэродромдун инфраструктурасы эл аралык стандарттарга жооп берет: 3800 метрлик учуу-конуу тилкеси, эки такси жолу жана алты учакты токтотуучу жай.

Аэропорт 4E категориясына кирет, бул Boeing 737, Airbus A320 жана A321 сыяктуу чоң учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Аэропорт ошондой эле Ил-76, Airbus A330, Boeing 767-300 жана башка жүк ташуучу учактарды кабыл ала алат.

Эл аралык ИКАО классификациясы боюнча 3С аэродром коду менен иштеп жаткан Жалал-Абад аэропорту 2024-жылы 60 миңден ашык адамды тейлеген.

Эскерте кетсек, эл аралык аэропортту куруу үчүн Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагындагы жалпы аянты 371,18 гектар айыл чарба багытындагы жерлерге, анын ичинде сугат талаалары, токойлор, бак жана тыт бактары трансформацияланган. Жергиликтүү тургундар бул аймакты эски аты менен Ленинское айылы деп аташат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version