Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорт куруу пландалууда

Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорт куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда билдирди.

Жапаров учурда өлкөдө эски аэропорттор оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңы учактар алынып жатканын айтты.

«Бүгүнкү күндө «Манас» эл аралык аэропортунун жеке каражатынын эсебинен «Кербен», «Каракол», «Талас», «Нарын» жана «Казарман» аймактык аэропорттору толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, четинен колдонууга бериле баштады. Ал эми аба кемелери паркыбыз жаңы учактар менен толукталып, жаңыртылууда.

Мындан тышкары, жаңы эл аралык «Жалал-Абад» аэропортун куруу маселеси иштелип жатат», — деди ал.

Exit mobile version