Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда жаңы төрөт үйү курулат

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, имарат 75 аялга ылайыкталып, 4 төрөт залы болот.

“Перинаталдык борборго бюджеттен 220 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ал 75 аялга ылайыкталып, 4 төрөт залы, чоңдор жана балдар үчүн бирбирден өзүнчө реанимациялык блок болмокчу. Курулуш ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында бүтөт”, — деди Облустук оорукананын жетекчиси Кумарбек Ботокараев

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version