Site icon Reporter.kg

Видео: Жалал-Абадда Жапаров менен Ташиевди колдогон митинг өттү

Бүгүн, 24-октябрда Жалал-Абадда президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди колдогон митинг өттү. Бул тууралуу анын катышуучусу Акниет Кеңешов билдирди.

Митингде сөз сүйлөгөндөр президент менен УКМКнын төрагасын колдой турганын билдиришти.

Акциянын катышуучуларынын бири: «Алардан (президент жана УКМКнын төрагасы — ред.) бөлөк бизге эч кимдин кереги жок. Алар бизге башчы, хан болуп, Кыргызстанды өнүктүрөт деп ишенебизби? Ар дайым көздүн карегиндей сактайбызбы? Кыргызстан тынч болсун, ар дайым өнүгүп-өсө берсин. Ал үчүн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге көмөк көрсөтүп, салым кошобузбу?», — деп ураан айтып, анын айткандарын митингдегилер кубаттап жатты.

Эскерте кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 га жери Өзбекстанга берилгени жатканына байланыштуу бир катар саясатчылар жана активисттер Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет түзгөн. 23-октябрда Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыккан 20дан ашык активист, саясатчы камакка алынып, алар «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелүүдө. Ага байланыштуу бүгүн, 24-октябрда Бишкекте жөө жүрүш болуп өттү.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version