Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда жеке ишкер 750 миң долларга кичи ГЭС курду

Жалал-Абаддын Аксы районунун Тосту айылында жеке ишкер кубаттуулугу 500 кВт болгон кичи ГЭС курду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Кичи ГЭСти жергиликтүү ишкер Нурлан Ормонов салып, ага 750 миң доллар жумшаган.

“Тосту айылындагы жаңы чакан ГЭСте өндүрүлгөн электр энергия жергиликтүү калктын кошумча керектөөсүнө жумшалмакчы”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version