Жалал-Абад облусунда «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун К.С. аттуу мүчөсү кармалды. Бул туралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн.
Ал Ноокен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин тактоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз