Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда жер силкинди

1-март күнү саат 15:18де Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Сузак районунун Каду, Жазы-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 2,5-3 балл, Көсө-Терек, Орток, Кара-Алма жана Сай айылдарында 2-2,5 баллга чейин сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Exit mobile version