Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө саат 15:44тө катталып, анын күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ноокен районунун Момбеков, Курулуш, Кара-Булак айылдарында 3,5 балл, Кочкор-Ата шаарчасы жана Масы айылында 3 балл, Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version