Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Силкинүү түнкү саат 3:32де болуп, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Ноокен районунун Момбеков айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version