Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абад облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 8-ноябрь күнү саат 21:11де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь, Карача, Алма айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version